Бизнес-форумы Лондона: Нетворкинг и взаимная поддержка

В Лондоне очень много бизнес-сообществ, которые основаны на добровольной основе и взаимовыручке. Обычно они называются Бизнес форумы как, например, Кенсингтон бизнес форум или могут иметь другие названия как North Kensington Connected. Причем у этих сообществ нет никаких уставов и тяжелых документов, которые обязывают кого-то делать что-то. Они не связывают членов какими-то процедурами. Нет обязательной иерархии – все равны. ‘Bottom-up’ подход, когда инициативы идут с низов, а не навязываются кем-то сверху. Очень просто – пришли, собрались, сделали. Как когда-то была создана парламентская демократия, основанная на маленькой бумажке Магна карте, также и эти сообщества местных людей, занимающихся бизнесом работают на основе взаимной поддержки и партнёрстве. В очередной раз убеждаюсь, как бизнес-люди все делают сами, если их не трогать.

Эти мини-форумы обычно представляют интересы улиц, небольших районов, куда входят владельцы кафе-ресторанов, диджитал агенств, парикмахерских, учебных центров, tech, finctech стартапов – вообщем, представители малого и среднего бизнеса. Их основная задача это представлять торговые, бизнес-интересы района, улицы (обычно High street) и самое главное бизнес нетворкинг.

Бизнес-люди все время заняты нетворкингом. Конечно, это сейчас перешло еще в Линкдины и Клабхаусы, вот и Телеграм тоже запускает возможность иметь собственную радиостанцию, но, все-равно, нет ценнее живого общения на встречах B2B. Именно во время таких мероприятий. предприниматели больше узнают о другом бизнесе и находят партнёрство, а может, даже и инвестирование.

Что интересно, в доковидное время эти форумы собирались на разные пикники по праздникам, а на Рождество проводили что-то вроде местного ретрита, пили шампанское, кушали вкусную кухню и продолжали обсуждать бизнес-возможности.

Наверно, в Бишкеке (не буду говорить о других городах, где и так все друг друга знают) тоже нужно задуматься о том, как развивать вот такие неформальные бизнес форумы, в которых предприниматели будут обсуждать свои местные вопросы, касающиеся улиц, районов, где работает их бизнес. Например, Toktogul street business forum ))) или Асанбай бизнес коммьюнити.

Объединившись, они смогут делиться мнениями, (не засоряя, конечно, ватсап-группы разными видео), защищать интересы предпринимателей, представлять улицу, район в других форумах, встречах с гор-кенешем, мэром, правительством. Будут также проводить нетворкинг встречи, speed-dating мероприятия. Конечно, в Бише тоже все почти друг друга знают, но суть этих объединений также может быть полезна для района и жителей. Возможно, они смогут сами решать вопросы местной инфраструктуры, ведь это их район, их земля – они будут вкладываться туда, ценить и улучшать местную бизнес-среду, а это в свою очередь, будет иметь полезный эффект на городской, страновой бизнес-климат. Потом, нужно помнить, что чем больше твой район улучшается (появляются скамейки, фонари, аллеи, деревья, скверы, короче новый инфраструктурный ландшафт) это поднимет цены на недвижимость. Хотя бы с этой точки зрения, местным бизнесменам важно объединяться по своим районам.

* * *

Кыргызча (перевод Aizada Tynybekova):

Лондондо түрдүү бизнес коомчулуктар бар жана алар ыктыярдуу түрдө, бири-бирине жардам жана пайдалуу болуу максатында. түзүлгөн. Көбүнчө алар бизнес форумдар деп аталат. Мисалы, Кенсингтон бизнес форуму же North Kensington Connected деп аталышат. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе – бул коомчулуктардын эч кандай уставдары, бирөөлөрдү милдеттендирүүчү, бир ишти жасоого жооптуу кылуучу шарттуу керексиз документтери болбойт.

Ошондой эле коомчулуктун мүчөлөрүн байланыштыруучу атайын процедуралары да жок.

Бардыгы жөнөкөй – келишти, чогулушту, ишти жасашты…

Качандыр бир убакта парламенттик демократия Магна карта кичинекей баракчасында түзүлгөн сыяктуу.

Бул коомчулуктар да ошондой сымал, жергиликтүү ишкерлердин бири-бирине болгон жөнөкөй жардамга негизделген.

Дагы бир жолу ишкер адамдардын бардык нерсени өз алдынча ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү чоң экенине көзүм жетти, эгер аларга тоскоолдуктар, оор шарттар коюлбаса…

Бул кичинекей коомчулуктар бир көчөнүн, бир райондун кызыкчылыгын көздөшөт. Ошол көчө, райондордогу орто жана кичине бизнестердин ээлери ошол коомчулуктун мүчөлөрү болуп саналат: кафе-ресторан, диджитал агенттиги, чач-тарач, окуу борбору, tech, finctech стартаптардын ээлери…

Алардын эң негизги максаттары – ошол көчө, же мисалы райондун соода жана бизнес кызыкчылыгын көрсөтүп, билдирип туруу, ал эми андан да маанилүүсү – БИЗНЕС НЕТВОРКИНГ.

Бизнес инсандар көбүнчө нетворкинг менен алек. Учурда булар Линкдин жана Клабхаустарга өтүп жатат, керек болсо Телеграм да өздүк радиостанция куруу шарттарын түзүүдө, бирок B2B тармагында бетме-бет жандуу баарлашуудан баалуу нерсе жок.

Себеби, ушундай жолугушууларда башка бизнес менен тереңден таанышуу мүмкүн жана кызматташуу жаралышы ыктымал, же инвестиция тартуу да болушу мүмкүн.

Ковидке чейин бул коомчулуктар түрдүү майрамдарда, пикниктерде жолугушуп, шампанское ичип, даамдуу тамак үстүндө да бизнес мүмкүнчүлүктөр тууралуу баарлашып турушкан.

Бишкекте да (бири-бирин тыгызыраак тааныган башка шаарларды айтпаганда) ушундай формалдуу эмес, жөнөкөй бизнес форумдарды түзүүнү ойлонуу керек. Бул форумдарда ишкерлер өз бизнеси жайгашкан көчөнүн, райондун жергиликтүү маселелерин талкуулай алышат эле. Мисалы, Toktogul street business forum ))) же Асанбай бизнес коммьюнити сыяктуу…

Биргеликте алар ой-пикирлер менен алмашып (ватсап группаларды түрдүү видеолор менен толтурарбастан), ишкерлердин кызыкчылыгын коргошуп, мэрия, шаардык кеңеш ж.б. менен болгон жолугушууларда, форумдарда, өз район, көчөсүнүн талаптарын тааныта алышмак.

Албетте, нетворкинг жолугушууларды, speed-dating кечелерди да уюштуруу да болмок.

Бишкекте деле көбү бири-бирин жакшы таанышат, бирок бул ынтымак көчө, район үчүн да пайдалуу болмок.

Балким алар жергиликтүү инфраструктура маселелерин да өздөрү эле чечип коюшмак, себеби ал алардын көчөсү, району, жери дегендей…

Алар өздөрү салым кошуу менен бирге барктап, багып, жергиликтүү бизнес чөйрөсүн жогорку деңгээлге көтөрө алышмак.

Бул нерселер жөнөкөй нерселер, бирок анын эффекти шаардык, мамлекеттик деңгээлдеги бизнес-климатка чоң таасирин тийгизмек…

#бизнес

--

Friendly life form. Organic Intelligence. I write in English and Russian.

Get the Medium app

A button that says 'Download on the App Store', and if clicked it will lead you to the iOS App store
A button that says 'Get it on, Google Play', and if clicked it will lead you to the Google Play store
Admir Kurman

Friendly life form. Organic Intelligence. I write in English and Russian.